22.01.2019 10:04

Талас шаарында 42 жаштагы жаранды топурак басып калып каза болду

Талас шаарында 42 жаштагы жаранды топурак басып калып каза болду

Талас шаарында 42 жаштагы жаран топурак басып калып каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 21-январда саат 11:31 чамасында болгон. 1977-жылы туулган А.Н. үйүнүн короосунда кудук казып жаткан учурда топурак урап басып калган.

ӨКМдин куткаруучулары маркумдун жансыз денесин чуңкурдан казып чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришти.