Таласта 51 адам обсервацияга жаткырылды. Бары тең Россиянын Соль-Илецк шаарынан келгендер

Таласта 51 адам обсервацияга жаткырылды. Бары тең Россиянын Соль-Илецк шаарынан келгендер

18-майда Россиянын Соль-Илецк шаарынан келгендерден 51 адам Талас облусуна келери менен Талды-Булак постунан обсервацияга алынды. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча республикалык штаб кабарлады.

Маалыматка караганда, алардын ар биринен буга чейин 2 жолу ПЧР-анализ алынып, “таза” деген жыйынтык чыккан. Бирок коопсуздук үчүн келген 51 адам Кара-Буура жана Бакай-Ата райондорунда уюштурулган обсервацияларга жайгаштырылган. Алардан кошумча ПЧР-анализдер алынып обцервацияга дагы 5 күн жаткырылат.

Ал эми социалдык түйүндөрдөгү “бийлик өкүлдөрү обцервацияга алынгандарды уруп-сабады” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Тескерисинче, сырттан келген адамдар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө баш ийбей бир топ кыйынчылыктарды жараткан. Түшүндүрүү иштеринен кийин 51 адам жергиликтүү бийликтин талаптарына макул болду”, - деп айтылат маалыматта.

Жалпысынан республика боюнча коронавирус илдетине чалдыккандардын саны 1243 кишиге жетти. Ичинен 898 бейтап ооруканадан чыгарылган.