23.05.2018 11:45

Таласта медресе тарбиялануучулары англис тилин жана тикмечиликти үйрөнүшөт

Таласта медресе тарбиялануучулары  англис тилин жана тикмечиликти үйрөнүшөт

Талас шаарындагы "Чет тилдер" кыздар медресесинин студенттери эми тигүүчүлүк кесибин жана англис тилин өздөштүрүшөт. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматы кабарлайт. 

Таластагы "Чет тилдер" кыздар медресеси "Медресе окуучуларына кесиптик билим берүү" долбоорунун алкагында тигүүчүлүк жана англис тилин окутуу курсун тандап алышты. Окутуу иштери июнь айында башталып, студенттер  кесипке үйрөткөн жабдуулар менен камсыз болушту.

“Окутуп үйрөтүүгө кеткен чыгымдарды: методикалык окуу куралдарын иштеп чыгуу, окута турган мугалим адистерди тандоо, алардын айлык акысы жана башка шарттарды толугу менен АКШнын Кыргызстандагы элчилиги каржылоодо.

«Бул долбоор Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана "АДЕП" коомдук фонду менен  биргеликте ишке ашырылмакчы»,-дейт Талас облусунун Мусулмандар казыятынын үгүт-насаат жана окуу бөлүм башчысы Абдысамат уулу Өмүрзак