10.01.2020 13:39

Таласта табылган ак илбирс Бишкекте дарыланат

Таласта табылган ак илбирс Бишкекте дарыланат

Чала жан абалында табылган ак илбирс Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги билдирди.

Эске салсак, күн мурун, 9-январьда Таласта жергиликтүү тургундар ак илбирсти кармап алышкан. Жапайы жандык белгисиз себептерден айылга жакын жерге чейин кирип келген.

Маалыматка ылайык, ак илбирс Бишкектеги Кыргыз Агрардык университетинин ветеринардык клиникасына жайгаштырылып, текшерилип жатат. Анын ок жеп, жарадар болгону аныкталса дарыланмакчы.

Буга чейин Интернетте Таластагы Көк-Ой айылында бактын башына чыгып кеткен ак илбирсти жергиликтүү тургундар кармап жаткан видео тараган. Анда ак илбирс жарадар болушу мүмкүн экени айтылган.

Ак илбирс Кызыл китепке кирген жана өзгөчө коргоого алынган. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда 324 ак илбирс бар. Ага зыян тийгизгендерге 1,5 миллион сомдук айыппул каралган.