04.06.2018 17:49

Таласта төө буурчактын баасынын түшүп кеткени айтылууда

Таласта төө буурчактын баасынын түшүп кеткени айтылууда

Талас облусунда жыл башында төө буурчак 90 сомдон сатылса, азыр 65 сомго түшүп кетти.  Бул туурасында «Экономика» гезити билдирет. Маалым болгондой, облус тургундары көбүнесе төө буурчак өндүрүп, сатуу менен алектенишет.

Быйыл жазга карата баа жогорулайт деген үмүттө түшүмүн сактап отурган дыйкандардын оюн таш капты. Жаңы жылдан кийин төө буурчактын баасы арзандап кетти. 

Облуста төө буурчак сатып алуучу 24 ишкана бар. Ушул жылдын 19-апрель күнү  баанын арзандашынын себептерин билүү максатында бул  ишканалардын өкүлдөрү чакырылган. 

Жолугушууда бул фирмалар дагы экспортко өткөргөндө баалары төмөн болуп жатканын айтышты. Ак төө буурчак (лопатка) 43–45 сом болсо, өңдүү төө буурчактар (скороспелка, кызыл чаар) 75 сомдон болууда.

Төө буурчак алуучу фирмалардын өкүлдөрүнүн айтымында, жаңы жылдан кийин эле аларга буйрутмалар токтой баштады. Себеби Кытай дагы төө буурчак өндүрүп, Грузия мамлекетине Кыргызстандыкынан кыйла төмөн баада сатууда.

Төө буурчактын баалары дүйнөдөгү төө буурчак өндүргөн мамлекеттердин түшүмдүүлүгүнө көз каранды. Египет, Кытай, Аргентина, Өзбекстан, Кыргызстандан өндүрүлгөн төө буурчактын баасы Кытайдыкына жараша болот.

Кытайда түшүмдүүлүк жогору болсо бизде баа төмөнүрөөк болуп калат. Иран мамлекетиндеги өнөктөштөр менен байланышсак алар доллардын курсу 48–50% өсүп кеткенин айтышууда.

Ошол себептен доллар менен импорт кабыл алган аларга пайдалуу эмес. Бүгүнкү күндө кызыл өңдүү төө буурчак (скороспелка) 72–75 сомдон алынууда. Кызыл чаар төө буурчакты жылдын башында 90 сомдон алса, азыр баасы 65 сомго түшкөн.