06.08.2018 11:20

Таластагы «өзгөчө кырдаал»: Бир жума дегенде өчүрүлгөн өрт кайра тутанды

Таластагы «өзгөчө кырдаал»: Бир жума дегенде өчүрүлгөн өрт кайра тутанды

Таластын Алмалуу жайлоосундагы тоо этектеринен чыккан өрттү өчүрүү иштери улантылууда. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 28-июлунда Талас облусунун Манас районунун Покровка айыл аймагынын Жайылган айылынын Алмалуу жайлоосунун тоо этектеринен өрт чыгып, ал бир жумадан кийин, 4-август күнү саат 15:40да толук өчүрүлгөнү маалымдалган.

Бирок кечээ, 5-август күнү саат 17:00дө өрт кайрадан тутанган. Болжол менен жалпы 2000 га куураган чөп жана бадалдар күйгөн. Өрттү өчүрүүгө жергиликтүү тургундардан 200 адам, жалпы 350 адам тартылган.

«Манас райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин 2018-жылдын 1-августундагы №180 буйругунун негизинде аймакка «өзгөчө кырдаал тартиби» киргизилген. Тартылган күчтөрдүн жардамында өрттү өчүрүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатат», -деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы.