30.01.2020 14:05

Таластын төрөтканасында көз жарган келиндин туугандары медайымга кол көтөрүштү

Таластын төрөтканасында көз жарган келиндин туугандары медайымга кол көтөрүштү

Талас облустук бириктирилген ооруканасынын төрөт бөлүмүндө санитардык кызматкер сабалды. Бул тууралуу  ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 28-январда болгон. Бейтапты көрүүгө келгендер палатага кирели дешкенде, медайым учурда карантин жүрүп жатканын билдирип, аларды күтө турууну айткан. Жыйынтыгында пикир келишпестик жаралып, санитардык кызматкерди тээп жиберишкен.

Жабырлануучу милицияга арыз жазды. Иш сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Оорукананын кызматкерлерине карата орой мамиле жасаган бул алгачкы окуя эмес. Эске салсак, Бишкектеги № 3 балдар клиникалык ооруканасында жаңжал чыккан. Бейтап ангина менен ооруп жаткан баласын ооруканага жаткырбай койгон дарыгерге жулунуп, урушуп кирген. Окуянын видеосу соцтармакка жарыяланды.