06.08.2018 14:40

Тарбиячылардын шалаакылыгы: Бишкектеги жеке бала бакчада бир жаштагы кыз он беш жолу тиштелген

Тарбиячылардын шалаакылыгы: Бишкектеги  жеке бала бакчада бир жаштагы кыз он беш жолу тиштелген

Бишкек шаарындагы жеке бала бакчалардын биринде 2 жаштагы бала бир жаштагы кызды 15 жолу тиштеп салган. Бул тууралуу жабырланган бөбөктүн атасы Айтбек Орозобек уулунун айткандарына  таянып, Kaktus.media жазып чыкты.

Ата-эне борбордогу Жантөшев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан бала бакчага кызын алып барып жатканына бир ай болгон. 1-август күнү адаттагыдай эле кызын бакчага калтырып кеткен ата-энеге түшкө жакын тарбиячы чалып, группадагы эки жашар бала алардын кызын тиштеп алганын кабарлаган. Бирок, көп ирет тиштелгенин жашырып койгон.  

Бир нече сааттан кийин бала бакчага барган кыздын апасы анын 15 ирет тиштелгенин көргөн. Башында күнөөсүн мойнуна алып жаткан бала бакча жетекчилиги кызды «Жал» кичирайонундагы Эне жана баланы коргоо борборуна жаткырган. Кийин бала бакчанын директору келип, кыздын апасына дары-дармекке  деп 200 сомду таштап, экинчи көзүнө көрүнбөөнү айткан. Ошондой эле, күйөөсү укук коргоо органдарында иштей турганын кыйыткан. 

«Бала бакчанын жетекчиси тергөөчүгө эмгек өргүүсүндө экенин, андыктан, бакчада эмне болгону менен иши да жок экенин  билдирген. Мен эмне кылаарымды билбей калдым. Сыягы, тарбиячылар балдарды бөлмөгө камап таштап, бир жакка кетип калышкан. Кызымды 15 жолу тиштеп атса, тынч отуруп бермек беле, ыйлап атты да, а бул учурда тарбиячылар каякта эле?! Менин билишимче, бул бакчадагы биринчи учур эмес. Дал ушул бала мурда да бир кызды тиштеп салыптыр, аны да тарбиячылар көрбөй калышкан. Мен жетекчиликтин жоопко тартылышын каалайм, мындай окуя экинчи кайталанбагыдай болсун. Күч органдары жооптууларды жазалайт деген үмүттөмүн», - деген кыздын атасынын сөзүн келтирет редакция.

Бирок, кыздын атасы Бишкек шаардык Биринчи май РИИБине арыз менен кайрылса да, тергөөчү бала бакчанын жетекчилигине карата эч кандай чара көргөн эмес.

April.kg порталына белгилүү болгондой, учурда кыз ооруканада.