08.08.2018 17:27

Таш-Көмүрдөгү кремний заводу качан иштей баштайт?

Жалал-Абаддын Таш-Көмүр шаарында жеке кремний заводун толук кандуу ишке киргизүүнү көздөп жатышат. Өкмөттүн эсептөөсүнө таянсак, курулушту соңуна чыгаруу үчүн дагы 1,5 миллион доллар керек. Бул каражатты издеп-табууга премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев көмөк көрсөтмөкчү. Өкмөт башчынын мындай боорукерлиги социалдык тармактарда кызуу талкууну жаратты. Алардын айрымдары Абылгазиев жеке компанияга ашыкча көңүл буруп жатканын белгилешти. Ал кандай завод? Эмнеге талкуу чордонуна айланганын кабарчыбыз айтып берет.