"Тазалык" ишканасы борбор калаадагы мечиттерди дезинфекциялоого киришти
!["Тазалык" ишканасы борбор калаадагы мечиттерди дезинфекциялоого киришти](/uploads/images/articles/20200329_8.jpg)
“Тазалык” муниципалдык ишканасы Бишкек шаарындагы мечиттерди жууп-тазалаганга киришти. Бул тууралуу аталган ишкананын басма-сөз катчысы Жибек Каракеева кабарлап, тиешелүү фото, видеолорун жүктөдү.
Маалыматка караганда, дезинфекциялоо жана тазалоо иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.
«Өзүңөрдү жакшы карагыла! Суранаарым үйдөн чыкпагыла», - дейт “Тазалык” муниципалдык ишканасынын басма-сөз катчысы Жибек Каракеева.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө карата коронавирусту жаңы жуктуруп алган 26 учур катталды. Алар:
- Чүй облусунда – 2 учур
- Бишкек шаарында -4 учур
- Нарын шаарында – 1 учур
- Ош облусунда – 6 учур
- Жалал-Абад шаарында – 13 учур.
Жалпысынан илдетти жугузгандардын саны 84кө жетти.
Эске салсак, 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот.
![Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады](/uploads/images/articles/20210830_20210830_10414458_794648083915.jpg)
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: