06.02.2020 11:35

"Тазалыктын" басма сөз катчысы вице-мэрди уяткарды: Сыйды сатып алууга мүмкүн эмес

"Тазалыктын" басма сөз катчысы вице-мэрди уяткарды: Сыйды сатып алууга мүмкүн эмес

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын басма-сөз катчысы вице-мэр Мирлан Амантуровго кайрылып, агынан жарылды. Жибек Каракеева өзүнүн билдирүүсүн Facebook-баракчасына жазып чыккан.

Эске салсак, Бишкек мэриясынын кезектеги отурумунда «Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчисинин айлык-маянасы талкууга түшкөн. Отурумда мекеменин жетекчиси Рыспек Сарпашов аткарган иши тууралуу отчет берген. Ал эми дагы бир бөлүм башчы Нурлан Касымов акыркы жылдары «Тазалык» ишканасы каражат тарабынан бир топ түздөлгөнүн билдирген.

Бирок вице-мэр Мирлан Амантуров каршы пикирин айтып, жетекчилигин көп маяна аласыңар деп айыптаган.

 «Административдик башкаруучу адамдар50, 70, 100 миң сомго чейин маяна алышат. Ал эми көчөдө иштегендер 5-10 сомдон гана алышат. Ушул силерде жакшы көрүнүшбү?» - деп вице-мэр билдирген.

Бирок көп узабай, “Тазалык” ишканасынын басма сөз катчысы Жибек Каракеева вице-мэр Мирлан Амантуровдун ишкананын аппаратынын кызматкерлери көп айлык алат деген сынына жооп берди.

Каракеева "Фейсбуктагы" баракчасына айлык акы тууралуу документти чыгарып, колуна 11890 сом аларын көрсөттү.

“Тазалык” ишканасынын басма сөз катчысы вице-мэрди башка иштери үчүн да сындаган.

“Сиз тешилген жолдор боюнча арыздарга терс мамиле кылып, ар дайым менин оозумду жабууга аракет кыласыз. Сиз жол боюнча арыздарга мэр көрбөсүн деп өзүнчө чат ачып аласыз”, – деп жазды Каракеева.

Азырынча Бишкек шаардык мэриясы “Тазалык” ишканасынын басма сөз катчысы Жибек Каракееванын сынына кандай жооп кайтарат, белгисиз.