13.02.2020 10:14

"Тазалыктын" үч кызматкерине кылмыш иши козголду. Аларга күйүүчү майдын талондорун уурдады деген айып артылууда

"Тазалыктын" үч кызматкерине кылмыш иши козголду. Аларга күйүүчү майдын талондорун уурдады деген айып артылууда

"Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып, күйүүчү майдын талондорун өз алдынча коротушкан. Дал ушундай айып менен УКМК аталган ишкананын үч кызматкерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы билдирет. 

Бишкек мэриясынын «Тазалык» муниципалдык ишканасынын башкы бухгалтери А.О., операторлор А.М. жана Б.Н. кармалды. 

Маалыматка караганда, күйүүчү майды «Тазалык» 84 миллион сомдон ашык суммага майлоочу жана күйүүчү каражаттары талон түрүндө сатылып алган. Жана аларды бухгалтер менен операторлор жеке кызыкчылыгында колдонушкан. 

УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси менен иш козголгонун билдирет.

Бухгалтер менен оператор эки айга үй камагына алынды.