08.05.2018 09:18

Тажикстанда бетон басып калган эки өспүрүм каза болду

Тажикстанда бетон басып калган эки өспүрүм каза болду

Тажикстандын Хатлон облусунун Вахш районунда жашаган эки өспүрүм суу бургуч бетон лоток басып калып, мерт болушту. Дагы бир өспүрүм оор абалда ооруканага жеткирилди.

Кырсык жекшемби кечинде Бустон кыштагынын четинде болгон. Талаада мал кайтарып жүргөн 3 өспүрүм катуу шамал менен нөшөрлөгөн жамгырдан жашырынуу  калкалануу үчүн  бетон лотоктордун алдына киришкен.

Бирок алар күтүүсүздөп кулап кетип, балдарды басып калган. Өспүрүмдөрдүн бири аман калган, бирок дарыгерлер анын абалы оор экенин айтышууда.

Жергиликтүү тургундар билдиришкендей, нөшөрлөгөн жамгырдан улам аймакта сел жүргөн. Анын кесепетинен Бустон айылында бир нече турак үй жабыркап, айыл-чарба жерлери баткак алдында калган.