09.07.2018 09:08

Тажикстанда күйөөсүн Орусиядан кайтаргысы келген аял баласынын денесине 10 ийне киргизген

Тажикстанда күйөөсүн Орусиядан кайтаргысы келген аял баласынын денесине 10 ийне киргизген

Тажикстандык аял күйөөсүн Орусиядан кайтаруу үчүн 9 айлык баласынын денесине 10 ийнени атайын киргизүүгө шектелүүдө. Бул туурасында Борбор Азия жаңылыктар кызматы жазып чыкты. 

Тажикстан ИИМи билдиргендей, 27 жаштагы Рудаки районунун тургунуна карата “Адам өмүрүнө оор зыян келтирүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда.

Буга чейин Душанбедеги Улуттук медициналык борбордун дарыгерлери ийнелер наристенин баш сөөгүндө, мурдунун төмөнкү бөлүгүндө, буттарында, моюнунда, төш клеткасында жана башка жерлеринде экенин аныкташкан. Айрым ийнелер денеге терең кирип кеткендиктен, алгачкы операцияда 6 гана ийнени алып чыгууга мүмкүн болгон. Дагы төртөө баланын ичинде калган.

Операцияга катышкан дарыгерлер ийнелерди бала өз алдынча жутуп албаганын, анткени анын ички органдары жабыркабаганын белгилешкен. Дарыгерлердин айтымында, ийнелердин экөө – жөнөкөй, экөө – кийим тигүү машинасыныкы, дагы экөө белгисиз курч металл болгон. Алардын айрымдарын дат басып кеткен.

Мудассир Каримов - Рудаки районундагы Конституция кыштагында жашаган үй-бүлөнүн экинчи баласы. Анын атасы чет өлкөгө иштегени кеткен, апасы балдары менен үйдө отурган. Операцияга чейин бала өзүн кадимкидей эле алып жүргөн.