24.08.2018 10:00

Тажикстанда сим-карта алууну каалагандардын узун кезеги жаралды

Тажикстанда сим-карта алууну каалагандардын узун кезеги жаралды

Тажикстандагы мобилдик компаниялардын алдында бекер сим-карта алууну каалаган адамдардын узун кезеги жаралды. Бир нече күн мурда мобилдик операторлор кардарларына 1-сентябрдан тарта сим-карталар 250 сомониге (26,5 доллар) чейин кымбаттай тургандыгы жөнүндө смс-билдирүүлөрдү жөнөтүшкөн.

Өлкө жарандары абоненттик номурун кайрадан каттатуу үчүн дагы ушундай эле сумманы төлөшү керек болот. Айрым абоненттер 1-сентябрга чейин жаңы сим-карта сатып алып, бекер каттатып алууну чечишкен. Августтун башында Тажикстанда сим-карта баасы 250 сомониге чейин кымбаттай тургандыгы белгилүү болгон.

Мобилдик компаниялардын өкүлдөрүнүн айтымдарында, сим-карталардын бааларын жогорулатуу демилгеси өлкөнүн Ички иштер министрлигине таандык. Мекеме бул чечим 29-июлда Дангарадагы чет өлкөлүк туристтерге кол салуудан кийинки “коопсуздук чараларын” күчөтүү менен байланыштуу экенин билдирген.