18.09.2018 18:18

Тепсендиде калган тез жардам: Бишкекке дагы 60 врач бригадасы керек

Тепсендиде калган тез жардам: Бишкекке дагы 60 врач бригадасы керек

Тез жардам кызматынын унаалары жардамга муктаж, алардын чакырылган жерге өз убагында барбаганы техниканын жетишсиздигине байланыштуу. Бишкекте 100 унаа күнү-түнү медициналык жардам көрсөтүүгө даяр туруусу керек. А бирок учурда 39 гана бригада нөөмөттө. Тез жардам кызматында 44 унаа каттоого алынганы менен, анын жарымынын колдонуу мөөнөтү эчак эле аяктаган. Жараксыз абалга келген атайын техника айласыздан айдалып жатат. Тез жардам кызматындагы транспорт маселеси менен таанышуу үчүн кабарчыбыз тез жардам кызматынын автобазасына барып келди.