26.11.2019 13:30

Тилек Матраимовдун мүлкү ачыкталды

Тилек Матраимовдун мүлкү ачыкталды

Кара-Суу райондук администрациясынын акими Тилек Матраимовдун декларациясын табуу оңойчулукка жаткан эмес. Убара тарткан мамлекеттик салык инспекциясы аны араңдан-зорго таап чыкты, деп билдирет 24.kg. маалымат агенттиги.

Себеп, “Саясий муниципалдык кызматтар” деген бөлүмдө баардык шаар, район жетекчилеринин кирешеси жана чыгашалары туурасында маалымат камтылган. Бирок ал жерден Тилек Матраимовдун декларациясы болгон эмес.

Башында балким Кара-Суунун акими тийиштүү документти туура эмес толтурушу ыктымал деп болжошкон. Ал себептүү автоматташтырылган система аны тапкан эмес.

Ошентсе дагы аталган декларациянын табууга мүмкүн болгон. Тилек Матраимовдун отчету көрсө “Саясат” деген бөлүмдө адашып жүрүптүр. Ал жакта президент, премьер-министр, спикер, алардын замдары жана министрлердин декларациялары көрсөтүлөт.

Акимдин декларациясы бийик рангдагы саясатчылардын бөлүмүнө кантип кошулуп кеткен деген суроого ведомстводогулар Тилек Матраимов өзү кызматын декларацияда туура эмес көрсөтүп коюшу мүмкүн деп жооп беришкен.

Кара-Суу районунун акиминин мүлкү:

  • 900 чарчы метрди чапчыган үй;
  • 0,59 квадрат жер тилкеси;
  • 500 миң баш мал;
  • 525 миң жылкы.

Автоунаа көрсөтүлгөн эмес.

Тилек Матраимовдун жакын туугандарынын мүлкү:

  • 165,5 жана 52,93 чачры метрди ээлеген эки батир;
  • 150,4 квадратты ээлеген жер үй;
  • 1,2 квадрат жер тилкеси.

Мындан сырткары 450 миң сомго бааланган үй эмереги, фото, аудио, видео техникалары 203 миң сом деп көрсөтүлгөн, үй оокаттары 220 миң сом, кымбат баалуу металлдардан жасалган ювелирдик жасалгалар 860 миң сом, кыймылдуу мүлктөрү (түрлөрү ачыкталган эмес) 350 миң сом.