14.05.2020 12:12

ТИМ: Катардан жана Кувейттен 107 кыргыз жараны кайтарылды

ТИМ: Катардан жана Кувейттен 107 кыргыз жараны кайтарылды

Бишкекке Катардан жана Кувейттен 107 кыргыз жараны кайтарылды. Алар «Jazeera Airways» авиакомпаниясынын «Эль-Кувейт – Доха - Бишкек» каттамы боюнча учуп келишти. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.

“Биздин жарандар менен кошо Казакстан Республикасынын 31 жараны дагы учуп келди, аларды казак тарабы аэропорттон тосуп алып, мекенине атайын унаа менен алып кетти”, - деп айтылат маалыматта.

Бардык келген жарандар бекитилген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылган.

Чет мамлекеттерде жүргөн кыргыз жарандарын кайтаруу боюнча иштер улантылып жатканы айтылат.