05.05.2020 09:00

Тиштери түшүп, бир көзү жабыркаган. Нарында жергиликтүү тургундар илбирс кармашты

Тиштери түшүп, бир көзү жабыркаган. Нарында жергиликтүү тургундар илбирс кармашты

Ак илбирс 4-май күнү Нарын токой чарбасынын аймагындагы Тескей-Торпу аймагынан  кармалган. Бул тууралуу мамлекеттик экотехинспекциянын Нарындагы башкармалыгынан билдиришти. Жаныбарды жергиликтүү тургундар табышкан. Илбирс музоого кол салганда учурда кармап алышкан. Атайын ветеринарлардан куралган атайын комиссия  ак илбирстин бир көзү жабыркаганын, тиштери түшүп, карылыгы жеткенин аныкташты. Ок тийип, жарадар болгон эмес.

 

Табылган ак илбирс Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында жайгашкан реабилитациялык борборго жеткирилди.

Белгилей кетсек, ак илбирс - Кызыл китепке кирген жана өзгөчө коргоого алынган жаныбар. Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда үч жүздөн ашык ак илбирс бар. Аны аткандарга 1,5 миллион сомдук айыппул салынат.