11.04.2018 14:40

Тогуз-Тородо жергиликтүүлөр алтын казуучу комбинатты өрттөп жиберишти

Тогуз-Тородо жергиликтүүлөр алтын казуучу комбинатты  өрттөп жиберишти

Бүгүн Тогуз-Торо  районунда жергиликтүү жашоочулар алтын казуучу компаниянын мүлкүн өрттөп жиберишти. Аталган аймакка 30дан ашык атайын комиссия мүчөлөрү жергиликтүү элге  «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын алтын казуучу фабрикасынын ишмердиги тууралуу түшүндүрүү  иштерин жүргүзүүгө келишкен.

Жолугушууга миңге жакын жергиликтүү тургундар чогулганы айтылат. Алар комиссия мүчөлөрү сүйлөй электе эле аларга жана тартип сакчыларга карата таш ыргытып башташкан.

Милиция кызматкерлери ведомство аралык комиссия мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылып, учурда коопсуз аймакка жайгаштырылды.

Чогулгандар негизинен жаш жигиттер экени айтылат,. Алар  «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын алтын казуучу фабрикасынын аймагына кирип келип, тосмолорду кыйратып, курулуп жаткан чарбалык жайды, курулушу бүтө элек үйлөрдү жана турган техниканы  өрттөп жиберишкен. Чакырылган өрт кызматы  көчө автоунаалар менен тосулгандыктан, өрт чыккан жерге кире алган эмес.