20.07.2018 17:25

Токтайым Үмөталиева: Президенттин көп нерсе тууралуу так маалыматы жок экени көрүнүп калды

Токтайым Үмөталиева: Президенттин көп нерсе тууралуу так маалыматы жок экени көрүнүп калды

Кечээ президент Сооронбай Жээнбеков жабык эшик артында жарандык коом өкүлдөрү менен жолугушту. Жабык эшик дегенибиз- иш-чарага ЖМК өкүлдөрү киргизилген жок. Эки саатка пландалган жолугушуу 4 сааттан ашык убакытка созулганы айтылды. Журналисттер чакырылбаган жыйында 4 саат бою кандай талкуу жүрдү, эмне маселелер көтөрүлдү? Мына ушул суроолорго жооп алуу максатында иш-чарага катышкан адамдардын бири – Бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева менен «Апрель» телеканалынын «Жаңылыктар кечинде» маек болду. 

- Саламатсызбы, студияга кош келипсиз. Биринчи суроо бүгүнкү жыйын жөнүндө болсун. Журналисттер эмнеге чакырылган жок деп ойлойсуз?

- Биз да журналисттер эмне үчүн чакырылган жок деп кызыктык. Буга «жабык чогулуш болот» деген жооп алдык. Бирок, ошол эле учурда 3-4 камера пайда болду. Мен «бул жыйын толугу менен көрсөтүлөбү, же көрсөтпөй коесуңарбы?» деп сурадым. «Сыртка маалымат чыкпайт»,- деп айтышкан. Бирок, бир топ сайттарда жолугушууда эмне сөз болгону тууралуу кыска-кыска маалыматтар кетип атат. 

- Кандай суроолор талкууланды?

- Соттук реформа боюнча аябай талкуу жүрдү. Ал кишиге [Сооронбай Жээнбековго] бир топ нерселер жаңылык болду. Мен мындай чогулуштар абдан керек деп ойлойм. Анткени, президенттин айланасында маалыматты туура эмес жеткирген адамдар сөзсүз болот да. Мына ошолордун арты менен  көп нерсенин чынында кандай болуп атканын билбеси ошол жерде көрүнүп турду. Бирок, жолугушуу учурунда бир топ керектүү маалыматты топтоду деп ойлойм. 

- Бизге жеткен маалыматтарда жолугушууга катышкан бардык жарандык активисттер канааттанып чыкканы айтылат. Сиз өзүңүз алган жообуңузга канааттандыңызбы?

- Ар бирине 3 мүнөттөн убакыт берилди. Ал убакытта өзүңдү токтотуп, учурашканга жетишет экенсиң. Мен мага жооп берүүгө бөлүнгөн 2 мүнөттүк убакытты да сурап алдым. Андыктан, сунуштарым тууралуу көбүрөөк айтып алдым, ал эми жоопту кийин жазуу түрүндө берүүсүн сурадым. 

-Кандай суроолорду бердиңиз?

- Биринчи суроом, мигранттарга байланыштуу болду. Шайлоо өнөктүгү  учурунда баары мигранттарды колдонот. Алардын көйгөйлөрүн айтып, жардам беребиз дешет. Шайлоо бүткөндөн кийин аларды [мигранттарды] эстеген эч ким жок. Ошол себептен азыр чоң шайлоого мигранттардын катышуу маселесин чечиш керек. Мигранттар орто жаштагы, мамлекеттин турмушун көтөрүп аткан адамдар. Ошондуктан, мамлекеттик чоң процесстерге катышып, кайсы жерде болсо да, өз ой-пикирин телефон мененби, же башка ыкмалар мененби бериши абзел.  

Экинчи суроом учурда көйгөйгө айланып бараткан суу маселеси жөнүндө болду. Мен  президентке суу-энергетикалык комплекс боюнча Орто-Азия президенттери менен жолугууну сунуштадым. Мында эң негизгиси, биз сууларды жана мөңгүлөрдү сактап калышыбыз керек. Мөңгүлөр боюнча, Шүкүров аксакалыбыз (эколог Эмил Шүкүров- ред.) айтып кетти. «Илбирс жок болуп баратат, илбирс жоголсо, токой-чарбачылыгы өлдү деп эсептесеңер болот»,- дейт. А мөңгүсүз илбирс жок. Илбирссиз биосфера жок. Биосфера жок болгондон кийин как жерде калыштын деле кажети жок, эл өзү кетип калат. Ошол себептен Орто-Азиялык лидерлерге айтып, биз Тажикстан менен мөңгүлөрдүн коопсуздугун карап жана аларды өнүктүрүү маселесин коюшубуз керек. Мисал катары, Ысык-Көлдөгү Ак-Шыйракты көтөрдүм. Мөңгүлөрдүн эрип жок болушуна жеткирбеш керек. Ак-Шыйрактын өзгөчөлүгү - кыска мөөнөттө ысык абадан да бат мөңгү калыптандыра алат. Башка жакта, мисалы, Таласта андай жок. Азыр Казакстан менен суу тартыштыгы башталып калды, бул эл аралык жаңжалга айланып кетиши мүмкүн. 

- Башка сөздөргө да токтолсок. Президент «Коррупция менен күрөшүүдө мага жарандык активисттердин жардамы тиет» деп жатат. Сиздин оюңуз боюнча, чындап эле коррупция менен күрөш жүрүп жатабы?

- Коррупция менен күрөш мыйзамдардын иреттүүлүгүнө алып келет. Бизде Конституция менен Кодекстердин баары карама-каршы. Менин оюма койсо, эки Кодекске тең мораторий берип, иштетпейт элем. Азыр жөнөкөй жарандар Жарандык кодекс боюнча  мамлекетке 10% салык төлөбөсө, банктар менен, микрокредиттик компаниялар менен, б.а. байлар менен соттошо албайт. Үйлөрүн алдырып жиберип, соттошо албай томсоруп калып калгандар бар. Экинчиден, Кылмыш-процессуалдык кодексте бир нече мыйзамдарды колдонууга тыюу салып салды. 339-берене бар, баарын бириктиргенден кийин, чечим чыгаргандан кийин каралат дейт. Соттун чечими чыгып калгандан кийин аны артка кайтарыш аябай оор. Териштирүү маселесине кошумча киргизейин десең, чечим чыккандан кийин каралат дейт. Дагы бир коркунучтуу нерсе жөнүндө айтып кетейин. Лицензияны кароо мыйзамында кичинекей коррупциялык механизм бар экен. Эгерде мамлекет 30 күндүк мөөнөттө сиздин кайрылууңузду карабаса, 30 күндөн кийин сиз лицензия алган болуп эсептелет экенсиз. Аны алып кишини урасызбы, уюшкан кылмыштуу топ түзөсүзбү баары бир, бирок, лицензия аласыз. Бул эң коркунучтуу нерсе. Мына ушундай карама-каршылыктарды албаса, эч кандай тазалык дагы жардам бербейт, эч бир инсан, эч бир сот оңолбойт. Бирок, мен өзүмдүн жүрөгүмдү ооруткан маселени көтөрдүм –Жогорку Соттун төрайымына тыюу салыңыз же жумуштан алыңыз дедим. Ал төрага жакында «айыптоо багыты менен чечим чыгарыш керек» деп айтып атат. Бул баарын күнөөлөп чечим чыгарыш керек деген сөз. Анда эч ким акталбайт. Сиздин үстүңүздөн иш козгош 500 доллар, ишти алып салыш 500 доллар. Үйүңүзгө ууру кирсе издеп бериш 500 доллар, ууруну кайта актап коюш 500 доллар. Анда актоонун эмне кереги бар, соттордун эмне кереги бар? Дароо эле каматып жибериш керек. 

- Биздин саясатта акыркы учурда бир топ көрүнүктүү адамдар камалып кетти. Мисалы, бүгүн Албек Ибраимов суракта отуруп, Биринчи май райсотуна алып кетишти. Өз оюңузду билдирсеңиз ушул боюнча?

- Тилекке каршы, бизде укук коргоо тең салмактуулугу аябай бузулду. Дисциплинардык соттук коллегияда баягы эле баш кесерлер отурушат. Каалаган кишинин ишин карайт, каалабаса карабайт. Эми төрагасы күнөөлөө багытта карагыла деп жатат. Бул болсо  туурабы, туура эмеспи, баарын камагыла дегени. Мамлекеттин баарын каматып сала турган төраганын бизге эмне кереги бар. Анда соттун эмне кереги бар? Ошол себептен азыр соттук акыйкаттыкка ишеним жоголду. Анткени, төрагасы ушинтип айтып аткандан кийин, башка соттордон акыйкаттык күтө албайбыз. 

Ал эми, саясий чечимдер боюнча бүгүн айттым. Саясий чечим болбош керек, укуктук талаада гана болуш керек. Мага сөз келердин алдында эле президент Конгантиевдин маселесин көтөрдү. Бирок, мен Конгантиевдин маселеси 2016-жылга чейин эмне үчүн каралбаганын ачык эле айткым келет. Себеби ал ооруп атты. Документтери бар.Киши ооруп, дарыланып жатса, ишти токтотуп коет. Токтогон иштин мөөнөтү өтпөйт, кыскартылбайт. Он жыл өтсө да тура берет. Ошол учурдан баштап биринчи ишти козгош керек болчу. Козгогондон кийин иликтөө башташ керек болчу. 7-апрелдеги окуяга катышкандардын баарын ким, эмне көрдү сураштырып чыкканда эле 2-3 ай өтмөк. Анан кыскартканга жол бар болчу. Ал эми кызматтык кылмыштар эч качан кыскартылбайт. Аны кыскартуу мөөнөтү да жок. 

-Азыр социалдык тармактарда жөнөкөй инсандар дагы камакка алууда тандалма мамиле болуп жатат деп айтып жатышат. Мисалы, Атамбаевдин кадрларын жок кылып жатат деп...

- Мен жолугушууда ушул сөздү бүтүрөйүн десем, Сокенин достору бар экен, кыйкырып сүйлөтпөй коюшту. Бирок, мен айтат элем, азыр кырдаал аябай оор. Тажикстандын чек арасын Талибан басып келди. Андан бери бизге келиш бир кадам. Мусулманчылык дүйнөсүндө да башаламанчылык болуп атат. Саясатта башаламанчылык болуп атат. Биз азыр аябай кооптуу абалда турабыз. Ошол мезгилде биз саясий оюндарды токтотушубуз керек. Саясий амнистияга чакыралык. «Кечирдим», «кечтим» деген биздин өзүбүздүн байыркы жазылбаган мыйзамдарыбыз бар. Ошол мыйзамга кайрылып келиш керек. Эгерде сен мыйзамдуу акталам десең, анда сот процесстери ак, таза, бир жыл болобу, он жыл болобу ага катышышыңыз керек. Ошондуктан, мен бүгүн президентке саясий амнистия кылалы деген өтүнүч жолдодум. Ар жак, бер жакты карабай, баарын ак барактан баштайлык. Тиги Атамбаевдин кишиси, бул Бакиевдин кишиси, ал Акаевдин кишиси деп бөлүп-жара берсек, эртеңки келечегибиз кооптуу болуп калат. 

- Негизи, бүгүнкү жолугушуудан келечекте оңолуу болот деген кандайдыр бир үмүт болдубу?

- Акыркы мезгилде жарандык топ менен  мындай жолугушуу болгон эмес. Эмне үчүн президент жарандык топко таянышы керек? Жарандык топ деген бул- коңгуроо. Жарандык топ сага ачуу чындыкты айтса дагы, ошол коңгуроону угуш керек. Эгер аны укпаса, коомдун берген коңгуроосу катуулайт дагы аягы жаман болот. 

- Демек, бул керектүү жыйын болчу?

- Керектүү жыйын болчу. Ал киши өзү деле айтты, көп нерсеге көзүм ачылды деп. Эми тармак-тармактарга бөлүп, мен сиздер менен жолугам деди. Биз айтып жаткан нерселерди канчалык туура кабыл алат, кандай чечим чыгарат, аны убакыт көрсөтөт. 

- Кийинки жолугушуу качан болоору айтылдыбы? Ага бүгүнкү чакырылган адамдар гана катышат бекен?

- Бүгүнкү жолугушууга ар тараптуу инсандар чогулду. Менин оюмча, чоң-чоң блок кылып өткөрсө жакшы болмок. Азыркы чоң маселе -сырткы коопсуздук. 2-маселе -экологиялык коопсуздук. Бүгүн Шүкүров аксакал да айтып кетти муну. Орто-Азиялык эколог, биологдор, илимпоздор да айтып жатышат. Биздин биокоопсуздугубуз - жайыттардын талкаланганы, токойлор талкаланганы өтө олуттуу маселе. Мына бизде Бакай-Ата деген айыл бар, өзү кымындай эле жер, Баш-Таш деген корукка кирет. Ошол жерде 700 гектарды кен казганга берип ийишиптир. Ал жактагы мөңгүлөр эрисе, Таластын эли каякка барат- бул чоң суроо. Ушул коңгуроолорго жооп кылып, тез арада чогулуш өткөрүш керек. Мен Сапар Исаковго рахмат айткым келет. Ал келер менен экосумкаларды колдонуу жана желим баштыктарды жоготуу боюнча эки катыма кол койгон. Бир жылда өлкөгө 3 миң тонна желим пакет кирет экен. 10 жылда 30 миң тонна болот экен, бул биздин кичинекей жерибиз үчүн батпай турган нерсе. Ошону тыюу салган токтомго жол ачып берди. Экинчиси, экосумка. Бизде куржун деле жасап атышат. Узчулук өнүгөт эле. Президент мына ушуларды колдош керек. Дагы бир сунуш кылып жатам. Жашылдандыруу ишин бийик даражага көтөрүш керек. Бак-дарактарды кыйганга айып пулдун акчасын көбөйтүш керек.  Аларды уруксаатсыз кыйып кеткенге тыюу салыш керек. Бул мыйзамды даярдап атабыз, азыр элдерге айтып коеюн, ким даракты актысы жок кессе, бир сантиметрине 38 сомдон штраф. Кичине тал кесишсе, 10-15 миң сом айып пул салынат, анан таарынышпасын. Керек болсо, жарандардын үйүндө турган талдарга дагы кол тийгизбөө боюнча демилгени көтөрүп жатабыз. Бул темада экологдорду чогултуш керек. 

Анан кичине балдарды интернатка бербегиле деген сөздөр болуп атат. Ар кимге тараткандан көрө интернаттар керек. Ошол эле учурда, бала багып алат элек деп зарлап, кезекте турган адамдарга биздин кыргыз балдарды, биринчи кезекте оорулуу балдарды багып алууга жол ачып беришибиз керек. Ошол нерселерди өзүнчө бөлүп карап чыкса жакшы болмок.