19.02.2019 10:00

Тоң районунда жол кырсыгынан эки киши каза таап, алтоо жаракат алды

Тоң районунда жол кырсыгынан эки  киши каза таап, алтоо  жаракат алды

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда болгон жол кырсыгынан 6 адам жаракат алып, эки адам каза тапты. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 18-февралда болжол менен саат 22:00дө катталган. Балыкчы-Каракол унаа жолунун 69-чакырымында «Тойота Ист» менен «Ауди С4» унаасы сүзүшкөн.

«Ауди С4» унаасынын 28 жаштагы айдоочусу каршысында келаткан «Тойота Ист» унаасын сүзүп алган. Кырсык болгон жерде «Ауди С4» машинасында келаткан 63 жаштагы жүргүнчү дароо каза таап, ал эми айдоочусу ооруканага алып бараткан жолдо көз жумган.  

Бардык керектүү экспертизалар дайындалды.