28.05.2020 15:25

Транспорт министрлигинин үч кызматкери коррупцияга шектелип кармалып, эми алардын калкалоочусу изделүүдө

Транспорт министрлигинин үч кызматкери коррупцияга шектелип кармалып, эми алардын калкалоочусу изделүүдө

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) Бишкек-Ош автожолдор дирекциясында коррупциялык схеманы түзгөн үч жооптуу кызматкердин колго түшкөнүн кабарлады.

Маалыматка ылайык, кармалган кызматкерлер жол үчүн жана автотранспортторду көзөмөлдөө максатында алынган каражаттардын аз бөлүгүн гана мамлекетке берип, калганын өз капчыгына салып келген деп айыпталууда.

«2018-жылдын 1-декабрынан 2020-жылдын 1-мартына чейинки аралыкта Бишкек-Ош жолундагы бир эле стационардык посттон мамлекеттик казынага он миллион сомдон ашык зыян келтиргени»​, - деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.

Азыр министрликтеги аларды калкалап келген тараптар иликтенип жатканы да кошумчаланган.

Транспорт жана жолдор министрлиги бул маалымат боюнча комментарий бере элек.