06.02.2020 10:12

Туркияда кыйраган учактын ичинде кыргызстандыктар дагы болгон

Туркияда кыйраган учактын ичинде кыргызстандыктар дагы болгон

Түркияда жүргүнчү ташыган учак кулады. Кырсык күн мурун, 5-февралда Стамбулдун «Сабиха Гокчен» эл аралык аэропортунда катталды.

Pegasus Airlines компаниясынын Измир-Стамбул каттамы боюнча учуп келген лайнери конуучу тилкеден чыгып кеткен.

Маалыматка караганда, конуу учурунда учак үчкө бөлүнүп калган. Кырсыктын келип чыгышына учактын нөшөрлүү жаан-чачындан улам жерге катуу конгондугу айтылууда.

Акыркы билдирүүлөргө караганда кырсыктан каза тапкандар катталган эмес. Бирок борттун Ичиндеги 177 жүргүнчүнүн 130у жабыркаган. Жүргүнчүлөрдүн арасында кыргызстандыктар дагы болушкан.

Учурда алар Стамбулда мамлекеттик ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу 6-февралда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, экөөнүн тең абалы туруктуу, Башкы консулдуктун кызматкерлери алар менен жолугуп, ал-абалын көрүштү.

“Алар дарыгерлердин көзөмөлүндө 24 саат болушат, андан кийин ооруканада калтыруу же чыгаруу маселеси чечилет” деп билдирди министрлик.