03.09.2019 10:39

Турсунбек Акун «Апрель-ТВ» телеканалынын үстүнөн берген доо арызын кайтарып албайт

Турсунбек Акун «Апрель-ТВ» телеканалынын үстүнөн берген доо арызын кайтарып албайт

Экс-омбудсмен Турсунбек Акун «Апрель-ТВ» телеканалы менен анын журналисти Канат Каниметовго карата болгон доо арызын кайтарып албайт. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.

Ал канал учурда мүлкү камакка алынып, эфирге чыкпай жатса да, тастыкталбаган маалыматтарды таратканы үчүн жооп бериши керек деген ойдо.

«Доо арыздын суммасы 500 миң сом. Эгерде апрелчилер жана жеке Каниметов өзү Ютуб каналы аркылуу жалган маалымат бергенбиз деп моюндарына алышса, анда мен материалдык дооматымды артка кайтарып алам», -деди Турсунбек Акун.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 24-июнунда Турсунбек Акун «Апрель» телеканалы жана каналдын атайын кабарчысы Канат Каниметов анын кадыр-баркына, ар-намысына шек келтирди деген жүйөө менен сотко кайрылган. Кеп 2019-жылдын 6-майында жаңылыктарда көрсөтүлгөн материал тууралуу болууда. Анда Азиз Батукаевдин эжеси Хава Хамидованын 2014-жылы «Московский Комсомолец» гезитинде, журналист Улукбек Бабакуловдун макаласында жарыяланган.маегинен үзүндү берилген. Хава Хамидова Батукаевди  эркиндикке чыгаруу үчүн анын жолдошу өз колу менен Турсунбек Акунга 100 миң доллар бергенин айткан. Бул макала үчүн Акун Бабакуловду сотко берген эмес.