27.09.2019 16:17

Турсунбек Акундун «Апрель» телеканалына болгон доо арызы кароосуз калтырылды

Турсунбек Акундун «Апрель» телеканалына болгон доо арызы кароосуз калтырылды

Турсунбек Акундун «Апрель» телеканалына карата берген доо арызы кароосуз калтырылды. Бул туурасында April.kg сайтына сотто «Апрель» каналынын кызыкчылыгын коргогон юрист, «Медиа Полиси институтунун» өкүлү Алтынай Исаева билдирди.

Анын айтымында, Октябрь райондук соту бүгүн, 27-сентябрда Турсунбек Акундун телеканалга жана анын кабарчысы Канат Каниметовго карата доо арызын карамак. Бирок Акун сотко өзү үстүнөн арызданып жаткан материалды ала келбегендиктен, иш кароосуз калтырылды.   

«Мыйзам боюнча доогер кайсы материалдын үстүнөн арыз жазса, ошону сотко алып келип, анын коомчулукка тарап кеткенин далилдеп бериши керек болчу. Акун болсо,  өзүнүн кадыр-баркына доо келтирип жатат деп эсептеген материалды сотко ала келген эмес. Мындан улам, Жарандык-процессуалдык кодекске ылайык, сот доо арызды кароосуз калтырды. Бирок бул «иш жабылды, же сот Акундун доо арызын канааттандырган жок» дегенди билдирбейт. Доогер кайра башынан сотко арыздана алат», -деп билдирди юрист Алтынай Исаева. 

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 24-июнунда Турсунбек Акун «Апрель» телеканалы жана каналдын атайын кабарчысы Канат Каниметов анын кадыр-баркына, ар-намысына шек келтирди деген жүйөө менен сотко кайрылган. Кеп 2019-жылдын 6-майында жаңылыктарда көрсөтүлгөн материал тууралуу болууда. Анда Азиз Батукаевдин эжеси Хава Хамидованын 2014-жылы «Московский Комсомолец» гезитинде, журналист Улукбек Бабакуловдун макаласында жарыяланган маегинен үзүндү берилген. Хава Хамидова Батукаевди  эркиндикке чыгаруу үчүн анын жолдошу өз колу менен Турсунбек Акунга 100 миң доллар бергенин айткан. Бул макала үчүн Акун Бабакуловду сотко берген эмес.