Туруспек Коеналиев Президенттин жана Өкмөттүн иш башкаруучу кызматынан бошотулду

Туруспек Коеналиев Президенттин жана Өкмөттүн иш башкаруучу кызматынан бошотулду

Туруспек Коеналиев Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучу кызматынан бошотулду. Бул туурасында өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Коеналиев Туруспек Кармышевич берген арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкаруучу кызматынан бошотулду.

Эске сала кетсек, Туруспек Коеналиев 2010-жылдын сентябрынан бери бул кызматты аркалап келген.