28.05.2018 10:44

Түндүк Курилде иштеген кыргыздарга айлык маянасы төлөнүп берилди

Түндүк Курилде иштеген  кыргыздарга айлык маянасы төлөнүп берилди

Орусиянын Сахалин облусундагы Түндүк Курил шаарында иштеген кыргызстандыктарга айлык акысы толугу менен төлөнүп берилди. Бул туурасында  «Интерфакс — Дальний Восток»  Түндүк Курил районунун вице-мэри Александр Овсянниковдун сөзүнө таянуу менен жазып чыкты. 

«Жумуш берүүчү маяна боюнча карыздарын толугу менен жапты», — деп билдирген вице-мэр.

Анын айтымында, 40 жумушчу  өткөн жумада кызматына кайтты. Учурда алар жумуш берүүчү тарабынан берилген жатаканага кайтып келип, жашап жатышат. 

«Дагы 24 киши иштөөдөн баш тарткандыктан,  тик учак менен  Петропавловск-Камчатскийге жеткирилет», — деп билдирди ал. 

Эскерте кетсек, 19-майда Түндүк Курилде иштеген кыргызстандыктар  жетекчилик айлык акыны бербей жаткандыктан, иш ташташкан. Алар айлык акыны берүүнү жана аларды аралдан алып чыгып кетүүнү талап кылышкан.

Ошол эле күнү жумуш берүүчү иш таштаган кыргыз жарандарын жатаканадан кууп чыккан. Жергиликтүү бийлик аларга убактылуу жайланышып турууга мурунку мейманкананын  киши жашабаган  имаратын берген. 

Орусиядагы элчиликтин кайрылуусунан кийин кылмыш иши козголуп, териштирүүнү Сахалиндин район аралык тергөө мекемеси жүргүзгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 45 жумушчу март айынан бери 633 миң рубль айлык акы ала элеги аныкталган.