Бишкек дарыгерлери Саламаттыкты сактоо министрлигине каршы митингге чыкты

Бишкек дарыгерлери Саламаттыкты сактоо министрлигине каршы митингге чыкты

Дарыгерлердин маянасы көтөрүлөт, бирок бир катар шарттарды аткарышса гана. Коюлган талаптарга бейтапканалардын кызматкерлери каршы чыкты. Анткени ага ылайык, врач бир профилдүү эмес, ар тараптуу үй бүлөөлүк дарыгер болушу абзел. Саламаттыкты сактоо министрлиги индикаторлорду иштеп чыгып, маянасын алардын топтогон упайларына жараша беришмей болду. Буга чейин 5 миң сом айлыкка чыдап келген врачтар, маяна көбөйөт дегенде эмнеге системага каршы ачык күрөшкө өтүштү?