27.04.2018 11:18

Түндүк жана Түштүк Корея лидерлери кайра биригүү маселелерин талкуулашат

Түндүк жана Түштүк Корея лидерлери кайра биригүү маселелерин талкуулашат

Түндүк жана Түштүк Кореянын лидерлери Ким Чен Ын менен Мун Чжэ Ин эки өлкөнүн ортосундагы демаркация сызыгынан жолугушту.  Пханмунджом сүйлөшүү пунктунда алар  кол алышып  учурашып, сүрөткө түшүштү да, Корея аралык саммит өтүп жаткан имаратка  бет алышты. Бул туурасында РИА Новости  агенттиги билдирет.

Мун Чжэ Ин түндүк кореялык башчыны  келишимдерге  жетишүүгө чакырды. "Эгер биз чын дилден маектешсек, анда тынчтыкка умтулган улутубузга жана биздин планета элдерине чоң белек кыла алабыз ", — деди ал.

Ошондой эле, Ким Чен Ын тарыхта биринчи жолу аскерий-демаркациялык сызыкты кесип өткөн Түндүк Корея лидери болуп калганын билдирди. 

Ким Чен Ын  кесиптешине  мындан ары бат-баттан жолугуп,  алар көздөгөн жакшы дүйнөнү курууну сунуш кылды.

Эми бир күн бою Корея мамлекетинин башчылары Түндүк менен Түштүктүн  алакаларын  жакшыртуу, тынчтык жана кайра биригүү маселелерин талкуулашат.