25.04.2019 10:18

Түндө Бишкекте жол кырсыгы болуп, унаа толугу менен күйүп кетти (видео)

Түндө Бишкекте жол кырсыгы болуп, унаа толугу менен күйүп кетти (видео)

Бишкекте Токомбаев көчөсүндө (Түштүк магистраль) бүгүн түнкү саат 2:00 чамасында «Мерседес» автомашинасы күйүп кетти. Бул тууралуу April.kg порталына күбөлөр билдиришти. 

Айтымдарына караганда, унаа Байтик Баатыр көчөсүн көздөй бараткан. Унаада 5 адам болгон. 18 жаштагы К.кызы А.унаа айдап баратып, рулду башкара албай калып, ортодогу тосмону сүзгөн. Соккудан улам машинада өрт чыгып, толугу менен күйүп кеткен. Жерине бир өрт өчүрүүчү топ барган.

Унаанын айдоочусу К. кызы А. менен жүргүнчүсү С. А. ооруканага жеткирилди. Учурда бул факт боюнча териштирүү иштери башталды. Алдын ала маалыматтарга караганда, унаа катуу ылдамдыкта келе жаткан.