23.04.2020 09:00

Түндө коменданттык сааттын эрежелерин 80ден ашык жаран бузган

Түндө коменданттык сааттын эрежелерин 80ден ашык жаран бузган

Түндө коменданттык сааттын шартын бузган 88 жаран кармалып, 6 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча – 56, Жалал-Абад шаары боюнча – 13, Ош шаары боюнча – 5, Нарын шаары – 5, Ат-Башы району боюнча – 7, Сузак району боюнча – 1, Кара-Суу району боюнча – 1. Ал эми Ноокат районунда тартип бузуулар катталган жок.

“Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3255 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди”, – деп айтылат маалыматта.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.