25.04.2020 09:00

Түндө коменданттык сааттын шарттарын 80 адам бузду. Эң көбү Бишкекте

Түндө коменданттык сааттын шарттарын 80 адам бузду. Эң көбү Бишкекте

25-апрелге караган түнү өзгөчө абал жарыяланган аймактардан коменданттык сааттын эрежелерин бузган 80 адам кармалды. 5 автоунаа айып короого киргизилгенин Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн түнү кармалган жарандар:

  • Бишкек шаары боюнча 52 адам;
  • Ош шаары боюнча 5 адам;
  • Ат-Башы району боюнча 5;
  • Сузак району боюнча 21 адам кармалды;
  • Жалал-Абад, Нарын шаарларында, Кара-Суу, Ноокат районунда тартип бузгандар болгон жок.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда саат 21:00 – 06:00 аралыгы коменданттык саат.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жарлыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.