20.04.2020 09:00

Түндө коменданттык сааттын шарттарын өлкө боюнча 81 жаран бузду

Түндө коменданттык сааттын шарттарын өлкө боюнча 81 жаран бузду

Түндө коменданттык сааттын шартын бузган 81 жаран кармалып, 8 автоунаа токтотулган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча – 66, Жалал-Абад шаары боюнча – 4, Ош шаары боюнча – 3, Нарын шаары – 4 Ат-Башы району боюнча – 1, Ноокат району боюнча – 1, Сузак району боюнча – 2. Ал эми Кара-Суу районунда тартип бузуулар катталган жок.

“Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2970 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди”, – деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги жарандарды өзгөчө абалдын жана коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.