24.04.2020 12:05

Түндө сегиз автоунаа катышкан авария катталды (видео)

Түндө сегиз автоунаа катышкан авария катталды (видео)

Бишкекте айдоочу рулга ээ боло албай токтоп турган 6 унааны сүздү. Бул тууралуу Бишкек шаарынын комендатурасынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 24-апрелге караган түнү саат 01:30 чамасында Каралаев-Куттубаев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Анда 1988-жылы туулган П.А. аттуу айдоочу Субару Легаси унаасы менен бара жатып, рулга ээ боло албай аталган көчөлөрдүн кесилишинде токтоп турган 6 унааны сүзгөн. Анын кесепетинен эки жаран денесинен ар кандай жаракаттарды алышып, Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 155-берене менен катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалды.