15.05.2020 16:34

Түркияда ара жолдо калган 330 кыргыз жараны мекенине кайтып келди

Түркияда ара жолдо калган 330 кыргыз жараны мекенине кайтып келди

Бүгүн, 15-майда Стамбул-Бишкек чартердик каттамы менен 330 мекендешибиз өлкөгө учуп келди. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

«Манас» эл аралык аэропортунда 15-майда Стамбул-Бишкек чартердик каттамын тосуп алышты. Каттам менен 330 мекендешибиз өлкөгө кайтарылды.

“Кыргыз Республикасынын өкмөтү бардык мекендештерибизди мекенине кайтаруу үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат”, – деп жазылат маалыматта.