17.04.2020 09:14

Түркияда ара жолджо калган 200дөй кыргызстандык жолго чыгышты

Түркияда ара жолджо калган 200дөй кыргызстандык жолго чыгышты

Бүгүн, 17-апрелде, Түркияда калган 200дөн ашык кыргызстандыктар Стамбул-Бишкек авиакаттамы менен Кыргызстанга учуп келет. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча Республикалык штаб кабарлады.

“Түштөн кийин Бишкекке Стамбулдан 212 жүргүнчүсү менен учак учуп келет. Алардын баары “Ак кеме” мейманканасына обсервацияга жайгаштырылат”, - деп айтылат маалыматта.

Түркиядан келе албай калган жарандар боюнча 16-апрелде Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүд Чавушоглу менен телефондон сүйлөшкөн.

Өкмөт буга чейин чет мамлекеттердеги 4000ден ашык кыргызстандыкты алып келүү аракеттери жүрүп жатканын билдирген.

15-апрелде Жогорку Кеңеш атайын токтом менен сырттагы мигранттарды алып келүү маселесин чечүүгө өкмөткө бир жума мөөнөт берген.