28.01.2019 10:30

Түркияда бала багуучу болуп иштеп жүргөн кыргыз аял муунуп өлдү

Түркияда бала багуучу болуп иштеп жүргөн кыргыз аял муунуп өлдү

Түркиянын Адана шаарында 31 жаштагы кыргыз жараны А.Н. муунуп өлдү. Бул туурасында түрк басылмалары жазып чыгышты. 

Маалыматка караганда, аял ал жакта бала багуучу болуп иштеп жаткан. 25-январда жумушка чыкпаган аялды баланын ата-энеси издеп баштаган. Телефон чалууларга жооп бербегендиктен, алар аялды издештирип, полицияга да чалышкан. 

Полиция кызматкерлери аял жашаган үйгө келип, эшик бек экенин көрүшкөн. Ачып кирген тартип сакчылары жуунуучу бөлмөдөн капрон колготкиде асылып турган аялды көрүшкөн. 

Учурда КР ТИМ кыргыз жаранынын өлүмүнүн жагдайларын тактоодо. Түрк полициясы аял өзүн өзү өлтүргөнүн же киши колдуу болгонун териштирип жатат.