18.03.2019 12:04

Түркияда белгисиз адам аткан октон кыргыз кызы жабыркады

Түркияда белгисиз адам аткан октон кыргыз кызы жабыркады

Измир шаарынын Конак районунда белгисиз адам унаага ок чыгарып, андан кыргыз жараны жабыркады. Бул туурасында haberler.com. жазып чыкты. 

Басылманын маалыматына караганда, кырсык 17-мартка караган түнү болгон. «Белгисиз эркек киши 35 DE 226 номерлүү унаага ок чыгарган. Арткы терезеге атылган ок унаада жүргүнчү катары бараткан 29 жаштагы кыргыз жараны Эльнура Турманбетовага тийген. Унаанын айдоочусу анын жаракат алганын көрүп, дароо Эгей университетинин ооруканасына айдаган. Эльнурага тез арада операция жасалып, учурда абалы туруктуу», -деп билдиришет ЖМКлар.

Окуя түрк полициясы тарабынан иликтөөгө алынып, кылмышка шектүүнү издөө иштери жүрүп жатат.

Кийинчерээк КР Стамбулдагы консулдугу маалыматты тактоо үчүн кыргыз жараны жаткырылган оорукана менен байланышканын билдирди. Ал жактан кыз операциядан кийин жандандыруу бөлүмүнө которулганын, абалы туруктуу экенин маалымдашкан.