Түркияда кыргызстандыктардын бекер дарылануусуна берилген квота көбөйдү

Түркияда кыргызстандыктардын бекер дарылануусуна берилген квота көбөйдү

Кыргызстандыктардын Түркияга бекер дарылануусу боюнча кошумча квота бөлүү жаатындагы келишимге кол коюлду. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Министр Космосбек Чолпонбаев Женева (Швейцария) шаарында өткөн Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк ассамблеясынын 72-сессиясында түркиялык кесиптеши Фахреддин Кожа менен жолуккан. Анда 100 орундун квотасы ушул сандын жарымына чейин көбөйтүлө турганы боюнча келишим түзүлгөн. Өкмөт аралык макулдашуу 2014-жылы түзүлгөн.

Кошумча 50 орунду Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги бөлүштүрмөкчү.

Жолугушуунун катышуучулары 2019-жылдын аягында ачыла турган Бишкектеги кыргыз-түрк ооруканасы тууралуу да сүйлөштү.