Түркиядан учуп келген кыргызстандыктардын анализи таза чыкты

Түркиядан учуп келген кыргызстандыктардын анализи таза чыкты

Стамбулдан Бишкекке учуп келген 349 кыргызстандыктын анализи таза чыкты. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкекке учуп келгенде жарандардын баары мейманканага обсервацияга алынган

«Алардын баары лабораториялык изилдөөдөн өтүп, коронавирус жок экендиги тастыкталды. Азыр жалпы 143 жаран облустарга кетүү үчүн унааларды күтүп жатат», — дейт ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, бүгүнкү күндө 8 жаран үй карантининде болууга шартты жок болгондуктан обсервацияда калууда.

«Ал эми чет жактан келген кыргызстандыктардын ичинен Бишкекте 128и калган, калгандары Ошко 28 жаран, Чүй облусуна 86, Жалал-Абадга 35, Ысык-Көлгө 28, Таласка 15, Нарынга 14, Баткенге 19 адам кетти», — дейт ал.

Эскерте кетсек, 24-апрелде Бишкекке «Стамбул-Бишкек» багыты боюнча «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Түркиядан 349 кыргызстандык учуп келген.

Бүгүн, 26-апрелде республика боюнча СOVID-19 инфекциясын 17 киши жуктурган. Учурда бүткүл өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 682 кишиге жетти. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 180 учур катталды.

370 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Ал эми стационарда 304 бейтап дарыланууда. 6 адам кайра жандандыруу бөлүмүндө. Коронавирус жугузган 8 бейтап илдеттен көз жумушкан.

Эске салсак, Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.

14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоп берген.