24.05.2018 09:34

Түркмөнстанда президенттин сүрөтү бар гезиттерди даарат кагазы катары колдонгондор изделүүдө

Түркмөнстанда президенттин сүрөтү бар гезиттерди даарат кагазы катары колдонгондор изделүүдө

Түркмөнстандын Балкан велаятында жайгашкан Гумдаг шаарында тилке инспекторлору өлкө президентинин сүрөтү бар гезиттерди даарат кагазынын ордуна колдонгон адамдарды издеп башташты. Мындай буйрукту Ички иштер органдары жогору жактан 21-майда алышкан.  

Тескөөчүлөр жеке үйлөрдүн дааратканаларын кыдырып, президенттин сүрөтү бар гезит табылган учурда үй ээлерине эскертүү беришүүдө. Мындай эскертүүлөр көп жолу берилет. Анткени, өлкөдөгү экономикалык кризистен улам, түркмөндөр даарат кагазды сатып алуудан акча аяшып, анын ордуна иштеген,  же окуган жеринен мажбурлап бериле турган гезиттерди колдонушат.

Мындан тышкары президенттин булганган сүрөттөрү эл жашаган аймактардагы турмуш-тиричилик таштандыларынын арасынан дагы изделүүдө. Аны ыргыткандарды гезиттеги жазылуучунун дареги аркылуу таап, тиешелүү органдарга кабарлап жатышат. 

Мартта  Дашөгүз облусунда ажатканасынан президенттин сүрөтү бар гезиттер табылган мектептин директору кызматтан алынган. Кийин жергиликтүү бийлик анын иштен «милдеттерин аткара албагандыгы үчүн» кеткенин билдирген. Бул окуядан кийин коопсуздук кызматынын өкүлдөрү эскертүүсүз бюджетте иштегендердин үйлөрүнө барып, алардын ажатканаларын текшере башташкан. Аймакта андан бери «кеминде 10 мамлекеттик кызматкер» дааратканада гезит колдонгондугу үчүн деп жумуштан алынган.

Бирок, жашоочуларда гезиттен президенттин сүрөтүн кесип алып, калган бөлүгүн каалагандай колдоно берүү мүмкүнчүлүгү бар.  Мисалы, бир мектептин мугалимдерине дал ушундай тапшырма берилген - алар гезиттерден өлкө лидеринин сүрөттөрүн кесип, аларды атайын альбомго чаптап чыгышы керек. Бийлик жылдын аягында, альбомдорду текшерип чыга турганын эскерткен.

Ошол эле учурда, түркмөн ЖМКлары Гурбангулы Бердымухамедовдун сүрөтү өлкөнүн бардык гезиттериндеги макалалардын  негизги бөлүгүн ээлей турганын билдиришет.