12.06.2018 18:27

Түрмөдөгүлөрдүн талаптары таң калтырды

Уюлдук телефон менен күнү-түнү сүйлөшүп, абак ичинде ээн-эркин жүргүм келет.
Темир тордун артынан ачарчылык менен коркуткан жарандардын деми сууй баштады. Бүгүн ачарчылык акциясын аяктаган камалгандар уюлдук телефон, мультиварка сурап, андан кийин ич-кийимдерин жаңыртып, шейшеп-төшөктөрүн алмаштыруу талабын койгон эле.

Эске салсак, 5-июнда 9 киши оозун тигип, 12 киши колун кесип, дагы ондогондору ачкачылык акциясын башташкан. Мындай кескин кадамдарга эмне түрткү болгон?