Түрмөлөрдө коронавирус жайыла баштадыбы? №27 колонияда 3 адамдан коронавирус табылды

Түрмөлөрдө коронавирус жайыла баштадыбы? №27 колонияда 3 адамдан коронавирус табылды

Чүй облусунун Молдовановка айылындагы №27 колонияда иштеген үч кызматкерден коронавирус табылганы маалым болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, буга чейин вирус табылган төрт кызматкер боюнча жүргүзүлгөн тактоо иштеринин натыйжасында дагы жаңы үчөө аныкталган.

“Бүгүнкү күндө дагы үчөөнөн табылды. Баары тең лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлгөн болчу, ошондуктан жаңылары аныкталды. Атайын дарылоого алынды. Тегерегиндеги контактта болгондор боюнча эпидемияга каршы иш жүргүзүлүп жатат”, - дейт саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.

Буга чейин ушул колонияда жана Бишкектеги №1 тергөө абагында жалпысынан төрт адамдан вирус аныкталган.

Жаза аткаруу кызматы кооптонууга негиз жок экенин билдирген.

Жалпысынан Кыргызстан боюнча коронавирус илдетине 1270 киши чалдыккан. Ичинен 910 бейтап сакайып, үйлөрүнө чыгарылса, ооруканада 346 адам жатат. 5 кишинин абалы оор, алар жандандыруу бөлүмүндө.

Белгилей кетсек, коронавирустан өлкө боюнча 14 жаран көз жумган.