25.07.2018 17:05

Учу-кыйыры жок тергөө жана жабылбаган кылмыш иштер

"Уланбек Эгизбаев киши колдуу болгон эмес. Бул алдын ала жыйынтык", – дейт ички иштер министри Кашкар Жунушалиев. Өлкөнүн башкы тартип сакчысы ушул жана башка резонанс жараткан кылмыш иштер боюнча маалымат берип, жарым жылга болгон жыйынтыктоочу жыйынын өткөрдү. Анын айтымына караганда, жыл башынан бери 15 миңге жакын кылмыш катталган. Бети ачылбай, тергөө созулуп кеткен кылмыш иштери көп. Арасында чуулгандуулары да бар.