29.03.2018 15:24

Учурда Кыргызстан боюнча 141 билим берүү мекемелеринин курулуштары уланууда

Учурда Кыргызстан боюнча 141 билим берүү мекемелеринин  курулуштары уланууда

Учурда Кыргызстан боюнча 141 билим берүү мекемелеринин мурда башталган курулуштары уланууда. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкө боюнча жаңы имаратка муктаж  193 мектеп бар. Анын 36сы өтө жаман абалда болгондуктан, мектептерди куруунун титулдук тизмесине киргизилген.

Мектептердин жетишсизди туурасында айтып жатып, Жапаркул Ташиев өлкө калкынын саны өсүп жатканын кошумчалады. «2005-жылдан бери  калктын саны миллион адамга өстү. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына таянсак, 15 жашка чейинки балдар жалпы балдардын санынын 39 пайызын түзөт», - деп билдирди министрдин орун басары.

2015-жылы алгачкы жолу Өкмөт « 2015-2014-жылдарга карата Кыргызстандагы коопсуз мектептер жана мектепке чейинки мекемелер» программасын кабыл алган. ЮНИСЕФтин көмөгү менен изилдөө иштери жүргөн. Анда окуу жайлардын көпчүлүгү толук оңдоп-түзөтүүгө же жаңы имаратка муктаж экени аныкталган.

«Акыркы жылдары билим берүү маселесине, анын ичинде жаңы мектептерди жана мектепке чейинки мекемелерди курууга мамлекеттик деңгээлде өзгөчө көңүл бөлүнүп башталды.  2011-жылдан бери өлкөдө 309 жаңы мектеп курулду. «Коопсуз мектептер» программасын ишке ашыруунун алкагында 2016-2017 окуу жылдарында мамлекетте 77 мектеп курулуп,  100 мектептин капиталдык ремонту бүтүрүлдү. Андан сырткары, үнөмдөлгөн каражатка дагы 28 мектеп толук оңдоп түзөөдөн өткөрүлдү», - деп билдирди Билим берүү министрлигинин өкүлү.  

Жыйынтыгында, табигый кырсыктардан жабыркап, авариялык абалда турган мектептер биринчи кезекте курулаарын кошумчалады.