07.02.2020 10:33

Учурда Кыргызстанда жумуш үчүн уруксат алган 2000ге жакын кытай жараны жүрөт

Учурда Кыргызстанда жумуш үчүн уруксат алган 2000ге жакын кытай жараны жүрөт

2019-жылы Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы Кытайдын 8900 жарынына иштөө үчүн уруксат документин берген. Бул тууралуу 6-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Болотбек Ибраимжанов маалымдаганын Азаттык үналгысы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, учурда Кыргызстанда жумуш үчүн уруксат алган 1953 кытай жараны жүрөт. 2020-жылдын январь айында майрамга байланыштуу 5314 кытай жараны чыгып кетип, кайтып келе элек. 2019-жылы чет өлкөлүк жарандарга жумуш үчүн бөлүнгөн 17400 квотанын 12400ү пайдаланылды.

Мамлекеттик миграция кызматы Кытай өлкөсүнүн жарандарына квотанын көп берилгенин Кыргызстанда кытайлык инвестор ишканалар көп деп түшүндүрүүдө. Коомчулукта мыйзамсыз иштеген кытай жарандары көп деген сын-пикирлер арбын.