15.08.2019 13:49

UFC рейтинги. Валентина Шевченко - Конор Макгрегордон күчтүү

UFC рейтинги. Валентина Шевченко - Конор Макгрегордон күчтүү

Кыргызстандык UFC чемпиону Валентина Шевченко мыкты мушкерлердин рейтингинде бир сапка көтөрүлдү. Тизме өткөн жума Уругвайда өткөн UFC Fight Night 156 турниринен кийин жаңыланган.

Аталган мелдеште Шевченко америкалык Лиз Кармушту калыстардын чечими менен утуп, чемпиондук наамын экинчи ирет коргоп калган. Натыйжада мыкты мушкерлердин тизмесинде 12-орунга көтөрүлүп, айтылуу ирландиялык мушкер Конор Макгрегорду бир тепкичке артта калтырган.

Кыргызстандык спортчу UFC уюмунун мыкты 15 мушкеринин катарына ушул жылдын март айында кирген. Ал кезде Шевченко 15-орунду ээлеген.  

Рейтингдин сап башында мурдагыдай эле учурдагы оор салмактагы чемпион Даниэль Кормье турат. Экинчи орунда дагы бир америкалык спортчу Жон Жонс, үчүнчү сапта россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов бар.