04.12.2019 13:32

УКМК: «Азаттык» радиосунун эки кабарчысы өлкөгө келип сурак бериши абзел

УКМК: «Азаттык» радиосунун эки кабарчысы өлкөгө келип сурак бериши абзел

УКМК «Азаттык» радиосунун эки кабарчысы өлкөгө келип, суракка өздөрү келиши керектигин билдирди.

Бүгүн УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта тергөө аракеттери журналисттердин жеке катышуусу менен өткөрүлүүгө тийиш экендиги айтылат.

«Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары болгон адамдын катышуусу менен скайп аркылуу же башка техникалык байланыш режиминде тергөө аракеттеринин өткөрүлүшү Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 194-беренсине (дистанциялык суракка алуу) дал келбестигин белгилейбиз. Ошондуктан Жазык-процессуалдык кодекстин 34-36-жана 189-беренелеринин талаптарына ылайык, тергөө органына «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Мухаммедали (Али) Токтакуновдун жана Ыдырыс Исаковдун келип берүүсүн камсыз кылууну сурайбыз», - деп билдирди УКМК.

Мурдараак, УКМК «Азаттык Медиа» мекемесинин эки кызматкерин 2-декабрда күбө катары суракка чакырган.

Ал эми аталган медиа болсо Токтакунов «Азаттыктын» Прага шаарындагы баш кеңсесинде туруктуу иштээрин, Исаков 2020-жылдын февраль айына чейин Прага шаарындагы кеңсеге кызмат сапарына жөнөтүлгөнүн билдирген эле.

Ага карабастан, «Азаттык Медиа» мекемеси коомчулукта резонанс жараткан соңку журналисттик иликтөөлөрүнө байланыштуу укук коргоо органдары менен кызматташууга даяр экенин белгилеп, күбө катары суракка чакырылган журналисттер чет өлкөдө болгондугуна карабастан скайп аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүүгө даяр экендигин билдирген.

Эске салсак, 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу уйгур үй-бүлөнүн карго компаниясы аркылуу товарларды туура эмес көрсөтүү жана башка системалар менен өлкөгө миллиондогон акча мыйзамсыз кирип-чыгып турганы тууралуу маалыматтар жарыяланган.