02.12.2019 14:45

УКМК: Бажыдагы коррупция боюнча иликтөөгө тиешеси барлар суралат

УКМК: Бажыдагы коррупция боюнча иликтөөгө тиешеси барлар суралат

УКМК «Азаттыктын» иликтөөсүнө тиешеси бар адамдардын баары суракка чакырыларын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ишти иликтөөнүн жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Төрөкулов, «Үмүт 2020» саясий кыймылынын түзүүчүсү Ширин Айтматова, президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар суракка чакырылат.

Атайын кызмат «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Мухаммедали Токтакунов менен Ыдырыс Исаковду дагы 2-декабрда күбө катары суракка чакырды.

УКМК ишти Жазык кодексинин «Киши өлтүрүүгө аракет кылуу» беренеси менен иликтеп жатат. Журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында мекеме аралык тергөө тобу иштеп жатат.